Ысык-Көлдө тургундун үйүнөн ок-дарылардын арсеналы табылды

20.12.2023 | 20:23

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундан ок-дарылардын арсеналы табылганын облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ноябрь айынын орто ченинде Ак-Суу РИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлерине райондун тургундарынын бири өз үйүндө ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Маалымат райондук милицияга каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө тапшырмаларын аткаруунун жүрүшүндө, көрсөтүлгөн адамдын өздүгү аныкталган. Ал Ичке-Жергез айылынын 47 жаштагы Д.Т. аттуу тургуну болуп чыкты жана анын жашаган жеринде мыйзамдуу тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Тинтүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан 2 даана «ТОЗ-8» үлгүсүндөгү ок атуучу куралдары, 10 даана 7,62 калибрдеги жана 10 даана 5,45 калибрдеги октор, 1 даана бычак, 1 окуу гранатасы жана баштыка салынган жапайы кара куурайдын өзгөчө жыты бар кургатылган  өсүмдүк алынган.

Алдын ала таразага тартуу учурунда алынган кургатылган өсүмдүктүн салмагы 1 килограмм 250 граммды түздү. Соттук-баллистикалык жана соттук-химиялык экспертизалар дайындалды. Тергөө амалдары уланууда.

[image_carousel source=”media: 203308,203309,203310,203311″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top