БШК Жогорку Кеңешке жаңы шайланган талапкерге эскерттиСадыр Жапаровдун уулу жана экс-спикер Марат Султанов жаңы банктын негиздөөчүлөрү болуштуБишкек ЖЭБинде кышка көмүр жетиштүүбү? Мекеме жооп берди«Мугалим буюм эмес». Кесиптик бирликтер Садыр Жапаровго Эдил Байсаловдун үстүнөн арыздандыЧүйдө аялын сабап, өлтүрүүгө шектелген жаран кармалдыОрус-Кыргыз Өнүктүрүү фонду тарыхый чекке жетти: инвестициянын көлөмү 1 миллиард доллардан ашты
Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны өстү
20.12.2023 | 21:04
Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандардын саны көбөйдү.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына караганда, 11-декабрдан 17-декабрга чейин КРВИ жана сасык тумоо менен 11 миң 575 учур катталды.
Бул өткөн аптага салыштырмалуу 43,4%га өскөн. Өткөн жылга салыштырмалуу (2022-жылдын 50-жумасы – 39 миң 568 учур) 4 эсеге азайган.
Акыркы суткада Бишкек шаарында жана Чүй облусунда СOVID-19 инфекциясынын 2 учуру катталды.
Рубрики: Жаңылыктар