Кыргызстандын Ишенимдүү ишкерлери реестрине кирүү үчүн арыз берүү башталдыЯкутияда болгон жол кырсыгынан үч кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте кыргыз-монгол бизнес-форуму өтүп, эки өлкөнүн ишкерлер кеңеши түзүлдүКазакстандан ташылып келе жаткан 14 тонна ун өлкөгө киргизилген жокMicrosoft’тун серверлери хакердик чабуулга кабылдыОрусия менен Өзбекстан газ-химия тармагындагы кызматташтыкты чыңдоодо
Министр Бейшеналиев дарыгерлердин канча айлык аларын айтты
21.12.2023 | 22:02
Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун жана өлкөнүн аймактарындагы дарыгерлер 35 миң сомдон 60 миң сомго чейин айлык алышат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев парламент жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жаш адистер 11 миң сомдон 13 миң сомго чейин айлык маяна алышууда.
“2023-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен республика боюнча дарыгерлердин орточо айлыгы 24 миң сомду түздү. Административдик-башкаруу персоналынын эмгек акысы 20,4 миң сомду, медайымдыкыкы 19,5 миң сомду, кенже персоналдыкы 13,9 миң сомду, башка персоналдыкы 14,2 миң сомду түздү”, – деп айтылат маалыматта.
https://reporter.kg/kyrgyzstanda-darygerlerdin-mayanasy-kanchaga-kotoryldy/
Рубрики: Жаңылыктар