Маданият министри Өзбекстандагы кыргыз тилдүү мектепте болду

Маданият министри Өзбекстандагы кыргыз тилдүү мектепте болду

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Кыргызстан жана Өзбекстан Республикаларынын дипломатиялык кызматташтыгынын 30 жылдыгына арналган маданий иш чаранын алкагында Ташкент облусунун Паркент райондук № 33 окуусу толук кыргыз тилинде өткөн орто мектепте болду.

Ведомствонун маалыматына караганда, министрдин жолугушуусу Кыргызстандын эл артисти Саламат Садыкова жана эмгек сиңирген артист Токтобек Асаналиевдер менен бирге болуп, ага мектеп жетекчилиги жана окуучулар катышып, чыгармалык баарлашуу форматында өттү.

Алтынбек Максутов мектепке Ч.Аймамтовдун кыргыз тилиндеги жарык көргөн жаңы китептерин тапшырып жатып, мындай жолугушуу абдан таасирдүү болгонун, кыргыз тилинде Айматовдун чыгармаларын дал өзүндөй кылып аткарган окуучуларга ыраазычылык айтып, кыргыз маданиятын сактоо жана өнүктүрүү максатында ар дайым мектеп менен байланышта болорун белгилеп, окууларга жана окутуучулар курамына ийгилик каалап, бийик максаттарга жетүү үчүн, алдыга болгон умтулуу жана аракет күчтүү болуш керектигин белгиледи.

Жолугушуу учурунда мектеп окуучулары тарабынан чакан концерттик программага тартууланып, Ч.Айматовдун “Саманчынын жолу” чыгармасынан үзүндүү көрсөтүлдү.

Аталаган №33 мектеп, Кыргызоглы айылында жайгашкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>