Депутат шайлоого катышпагандарды жоопко тартууну сунуштады

Депутат шайлоого катышпагандарды жоопко тартууну сунуштады

Депутат Тазабек Икрамов президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Маалымкат негиздемеде жазылгандай, парламентарий добуш берүү күнүн жума күнгө жылдырууну сунуштоодо. Жума күнгө жылдыруу шайлоочуларга дем алыш күндөрүн үй-бүлөсү менен өткөрүүгө шарт түзөт жана аларды эс алуу укугунан ажыратпайт.

Мындан тышкары, ал шайлоого шайлоочулардын милдеттүү түрдө катышуусу тууралуу норманы киргизүүнү сунуштоодо. Добуш берүүгө жүйөлүү себептери жок катышпаган адамдарды өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу сунушталууда.

«Чет мамлекеттердин тажрыйбасын карасак, Европада, Австралияда, Бразилияда, Түркияда жана башка өлкөлөрдө жүйөлүү себепсиз шайлоого катышпай калган жарандарды жоопкерчиликке тартуу практикасы бар. Бул көптөгөн шайлоочулардын шайлоого катышуусун камсыздайт», — деп белгиленет  маалымкат негиздемеде.

Ошондой эле, демилгелечи элге стимул берүү үчүн шайлоого келгендерге лотереяларды, кызыктыруучу байгелерди уюштурууну, ага каражат талапкерлердин шайлоо фондунун алууну сунуштоодо.

Тазабек Икрамов буга чейин шайлоого келбеген жарандарга 5000 сом айып салууну демилгелеп, ЖКга келгенде кайра артка чакыртып алган.

Тазабек Икрамов шайлоого келбегендерге айып салуу боюнча мыйзам долбоорун чакыртып алды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>