Жогорку Кеңеште таштанды ыргыткандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү тууралуу мыйзам долбоору жактырылдыПодрядчы компанияга 17 млн сомдон ашык төлөнгөн жок. Компания текшерүүлөрдүн кысымына кабылганСадыр Жапаров Астанада экологиялык саммитке катыштыАдылбек Касымалиев Монголиянын элчисин Кыргызстандагы миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алдыДастан Бекешев окуучуларга футболка жана джинсы менен мектепке барууга уруксат берүүнү сунуштадыДепутат Искра айылындагы бала бакчаны оңдоого каражат бөлүүнү суранды
Айдоочулардын эсине! Бишкектеги “Ала-Тоо” аянты 1-январга чейин жабылды
30.12.2023 | 18:58
Бишкек шаарынын борбордук “Ала-Тоо” аянты 1-январга чейин жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, жаңы жылдык иш-чаралар өтө турганына байланыштуу “Ала-Тоо” аянты 30-декабрь саат 15:00дөн баштап 1-январдын таңына чейин жабык болот.
Борбордук аянтка бара турган Чүй проспектиси Палфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин жабылып, унаалар өтө албайт. Жеринде кайгуул милициянын 105 кызматкери нөөмөттө турат.
“Урматтуу шаардыктар, Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайт жана көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну, ошондой эле каттамыңызды алдын ала пландап алууну суранат”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом