Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Кызыл-Кыяда 56 жаштагы жарандан баңгизат табылды
09.01.2024 | 16:45
Баткендин Кызыл-Кыя шаарында 56 жаштагы жаран баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Баңгизат менен күрөшүү кызматынын кызматкерлери ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө 56 жаштагы А.Т. аттуу тургундун күрмөсүнүн чөнтөгүнөн кагазга оролгон күрөң-кара түстөгү өзгөчө жыты бар зат табышкан.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, алынган затка тийиштүү экспертиза дайындалган.
Экспертизанын жыйынтыгы табылып алынган зат “нашаа” экендигин көрсөткөн. Шектүү убактылуу кармоо жайга камаккка алынган.
Тергөө иштери уланууда.