Комиссия прокуратуранын Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартуу өтүнүчүн карады

Комиссия прокуратуранын Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартуу өтүнүчүн карады

Баш прокуратуранын Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартуу өтүнүчү боюнча түзүлгөн депутаттык топ бүгүн биринчи отурум өткөрдү. Эл өкүлдөрүнүн жыйыны жабык болуп, журналисттер киргизилген жок.

Винера Раимбачаеванын Reporter.kg’ге билдирүүсүндө, комиссия прокуратуранын өтүнүчү боюнча бир бүтүмгө келген жок.

«Эч кандай комментарий бере албайм. Азырынча жыйынтык жок, дагы топтолуп карап чыгабыз», — дейт депутат.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура Эмил Жамгырчиевди Кылмыш жаза кодексинин 378 беренеси «Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө» айыптоодо.

2022-жылы 26-ноябрда УКМК депутат Эмил Жамгырчиевди кармап кетип, кайра кое берген. Ал кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга чыгуу үчүн «Ак-Жол» өткөрмө бекетине барганда, Жамгырчиевдин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынганы белгилүү болгон.

Депутатка каршы  2018-жылы пара алуу айыбы менен козголгон кылмыш иши сотто кароо дагы кайра жанданды. Ал Бишкек шаарын Биринчи май райондук сотунда каралууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>