Рейтингдик мелдеш: Тыныбекованын атаандаштары белгилүү болду

Рейтингдик мелдеш: Тыныбекованын атаандаштары белгилүү болду

Хорватияда 10-14-январда өтө турган Zagreb Open рейтингдик мелдешинде кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбековага (62 кг) атаандаштык кыла турган спортчулардын аттары белгилүү болду.

Тыныбекова күрөшкөн 62 кг салмакта мелдешке катыша турган жалпы 27 спортчунун тизмеси берилген. Алардын арасында былтыр дүйнө чемпионатында күмүш байге тагынган япониялык Сакура Мотоки бар. Ал былтыр Zagreb Open мелдешинде алтын медаль уткан.

Ошондой эле Тыныбековага атаандаштык кыла турган балбан кыздардын арасында дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин эки жолу уткан америкалык Кайла Миракл, бейтарап туунун алдында күрөшө турган Алина Касабиева бар. Былтыр Poddubny Wrestling League-5 мелдешинде Тыныбекова Касабиевадан жеңилүү ызасын тарткан.

Азырынча кайсы спортчу ким менен күрөшө турганы белгилүү боло элек. Тыныбекова 12-январда таймашка чыгат.

Эскерте кетсек, былтыр Айсулуу Тыныбекова Zagreb Open мелдешиндеги биринчи беттешинде кытайлык спортчуга жеңилип, бул турнирде байгесиз калган. Аталган мелдеш Тыныбекова медалсыз калган жалгыз турнири болгон. Андан кийинки катышкан 5 мелдешинде Тыныбекова 4 алтын, 1 коло байге уткан.

Zagreb Open мелдешиндеги Айсулуу Тыныбекованын атаандаштары:

  • Вероника Иванова (бейтарап туунун алдында чыгат)
  • Алина Касабиева (бейтарап туунун алдында чыгат)
  • Биргүл Солтанова (Азербайжан)
  • Лаис Нунес (Бразилия)
  • Биляна Дудова (Болгария)
  • Ана Годинес (Канада)
  • Виржиния Хименес (Чили)
  • Жиа Лоң (Кытай)
  • Яру Ву (Кытай)
  • Лили Лили (Кытай)
  • Ива Герич (Хорватия)
  • Ирис Тибо (Франция)
  • Амелин Дуар (Франция)
  • Луиза Нимеш (Германия)
  • Энико Элекес (Венгрия)
  • Сакура Мотоки (Япония)
  • Эстер Колаволе (Нигерия)
  • Грейс Буллен (Норвегия)
  • Александра Волчинска (Польша)
  • Йоханна Линдборг (Швеция)
  • Ирина Бондар (Украина)
  • Ирина Коляденко (Украина)
  • Кайла Миракл (АКШ)
  • Адауго Нвачукву (АКШ)
  • Сонам (Дүйнөлүк күрөш уюмунун атынан чыгат)
  • Астрид Монтеро Чиринос (Венесуэла)

Тыныбекова баштаган балбан кыздар Хорватиядагы мелдешке катышат (видео)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>