Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Чүйдөгү мектепте 6 жылдан бери физика сабагы өтүлбөйт
18.01.2024 | 14:15
Чүй облусунун Лебединовка айылындагы Айдарбеков атындагы мектепте 6 жылдан бери физика сабагы өтүлбөйт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Көкүлов билдирди.
Ал мындай шалаакылыкка жол берген Билим берүү жана илим министрлигинин жооптуу кызматкерлерин иштен алынууну талап кылды.
“6 жылдан бери физика мугалими жок. Окуучулар бул мектеп программасына кирген сабакты окубайт экен. Бул үчүн министрлик жооп бериши керек”, – дейт эл өкүлү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом