Бишкекте МИКтин үйлөрүнүн ичинде жаңы мектеп филиалы ишке кирдиТажикстанда ЖККУнун «Бузулбас боордоштук» жана «Тоскоолдук» машыгуулары башталдыСамаркандда Борбор Азия өлкөлөрүнүн коргоо министрлери жолугуштуТүштүк аймактарда 50 жаштан өткөндөрдүн көзү текшерилетСербияда U-23 дүйнө чемпионаты башталат — кыргызстандык балбандар килемге чыгатКытайдан ташылып келе жаткан 25 тонна картошка артка кайтарылды
Ветеринардык кызмат: Өткөн жылы кутурма эң көп катталды
19.01.2024 | 12:24
Кыргызстанда малдын жугуштуу ылаңынын 86 очогу катталды. Бул тууралуу маалымат жыйынында ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов билдирди.
Бир жылда кутурманын 36 очогу аныкталган. Бакыт Шарапов бул ылаңга боюнча аймактарда абал оор бойдон калып жатканын айтты.
“Бул вирусту жапайы жырткычтар алып жүрүүчү болуп саналат. Алар айылдарга келип, жаныбарларга жана адамдарга кол салып, жугузуп кетет. Кутурма оорусу боюнча республиканын бир катар аймактарында абал жакшы эмес. Ага каршы 2023-жылы 228,1 ит эмдөөдөн өткөн, 20 миң 334 жолбун ит атылган”, – деди ал.
2023-жылдын сибирь жарасынын эки жаңы очогу Өзгөн жана Кара-Суу аймагында катталган, жалпысынан 566 очогу бар.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом