УКМК 200 миң доллар менен кармаган Талантбек Мамытов үй камагына чыкты

УКМК 200 миң доллар менен кармаган Талантбек Мамытов үй камагына чыкты

Баткен облусунун башчысынын кеңешчиси Талантбек Мамытов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Баткен облустук сотунан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Талантбек Мамытовдун бөгөт чарасы Баткен райондук сотунда 17-январда каралып,  ал 21-февралга чейин үй камагына чыгарылган.

Баткен облусунун башчысынын кеңешчиси Талантбек Мамытов

Эскерте кетсек, Талантбек Мамытов 2023-жылы 23-ноябрда УКМК тарабынан кармалган. УКМкнын маалыматы боюнча, Мамытов эки жаран менен сүйлөшүп алып, Баткенде көмүр казып иштеген компаниянын А.Б. аттуу директорунан акча опузалаган. Алар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин атына А.Б.нын үстүнөн арыз жазып, “рейдерлик кылды жана көмүр казууга лицензия алуу үчүн документерди жасалмалады” деп билдирген. Бул ишти бүтүрүү үчүн 200 миң доллар опузалашкан.

УКМК Мамытов 200 миң доллар алып жаткан жеринен кармалганын, ага Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси («Опузалап талап кылуу») боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.

Кийин ал соттун чечими менен 2 айга камакка алынган.

УКМК Талантбек Мамытовду 200 миң доллар пара менен кармады (видео)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>