Орусиядан келген апельсин, баклажан, курма кармалды

22.01.2024 | 11:08

Орусиядан экспорттолгон 18 миң 500 килограмм цитрус жана жер-жемиштер кармалды. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, апельсин, баклажан, грейпфрут, хурма, алмурут, анар, мандарин, болгар калемпири, бадыраң, лимон, кивины “Ак-Тилек автожолу” аркылуу алып өтмөкчү болгон ишкер  карантиндик фитосанитардык талаптарды бузган.

Текшерүү учурунда, бул жүккө тиешелүү фитосанитардык сертификатынын мөөнөтү 1 жылга өтүп кеткендиги жана ал  башка товарга жазылганы аныкталды.

Товарлар Салык кызматынын атайын айып пул төлөнүүчү автоунаа токтотулуучу жайына киргизилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top