Бишкекте “Art-Ordo – 2025” эл аралык театр фестивалы расмий ачылдыКыргызстандык аскерлер Таджикистанда ЖККУнын биргелешкен машыгуусуна катышуудаБишкек шаардык Патрулдук милиция кызматында жаңы жетекчилик дайындалдыӨКМ Чүй, Талас облустарынын айыл өкмөттөрүнө жана мэрияларына айып пул салдыБишкекте №1, №243 жана №226 автобустардын кыймыл жолу убактылуу өзгөртүлдүТүтүн, дөңгөлөк жана адреналин: «Ганси» автодромунда дрифт боюнча чемпионат өттү
Кыргызстанда Таиланд күнүн уюштуруу пландалууда
31.01.2024 | 19:40
31-январда Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев Таиланд Королдугунун Казакстандагы элчилигинин миссия жетекчисининин орун басары жана экономика бөлүмүнүн башчысы Оратай Пхубунлап Гунасийлан менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тараптар билим берүү жана илим тармагында бүгүнкү күнгө чейин жетишилген кызматташтыктын оң натыйжаларын белгилешип, өнөктөштүктү тереңдетүү, анын ичинде студенттерди алмашуу жана биргелешкен илимий изилдөөлөрдү ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карашты.
Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары эки өлкө ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү үчүн Кыргызстанда Таиланд күнүн уюштурууну талкуулашты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар