Бишкекте асма жол куруу пландалууда

Бишкекте асма жол куруу пландалууда

Бишкек мэриясы асма жол курууну пландап жатат.

Мэриянын басма сөз кызматы билдирдиргендей, Швейцариянын Флумус шаарында 30-январда мэр Айбек Жунушалиев менен Bartholet Swiss компаниясынын президенти Роланд Бартолеттин жолугушуусу болду.

Мэрия аталган компания асма жол тармагында лидер экенин белгилейт.

“Жолугушууда Бишкек шаарынын мэриясы менен Bartholet Swiss компаниясынын ортосунда кызматташуу боюнча алкактык макулдашууга кол коюлуп, Бишкек шаарында асма жол системасы долбоорун ишке ашыруу планы бекитилди”, — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>