Ош шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилдиЖапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталды
Бишкекте тамеки чеккен жарандарга 39 миң сом айып салынды
31.01.2024 | 20:20
Октябрь акимиаты райондук ички иштер бөлүмүнүн жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери менен биргеликте тамеки чегүү боюнча рейд өткөрүштү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара «Кыргызстандын жарандарынын ден соолугун тамеки чегүүнүн, никотиндин жана тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзамдын талаптарын бузган көңүл ачуучу мекемелерде өткөрүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен жарандарга 39 миң сом айып салынып, үч протокол түзүлдү.
Мэрия Кылмыш-жаза кодексинин 83 жана 84-беренелерине ылайык тамеки чегип жаткан жаранга айып пул салынарын эскертти.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар