Президент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөтБШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыратты
“Бишкекжылуулуктармагы” эскертет: Аристонду өчүргүлө
06.02.2024 | 17:25
Бишкек шаарындагы үйлөргө жылуу суу берүүнү улантабыз. Бул тууралуу “Бишкекжылуулуктармагы”-“Электр станциялар” ААКнын филиалынын башчысы Уран Раимбеков билдирди.
Ал шаардыктарга алдын ала чараларды көрүүнү сунуштады.
«Ысык суунун муздак сууга агып куюлушун болтурбоо үчүн, суу жылыткычтарды (аристон) өчүрүп, жалпы колдонуудагы тик түтүктөрдө бекиткич арматураны жабууну суранабыз. Ошондой эле, имараттардын үстүнкү кабаттарындагы жылытуу приборлордо жайгашкан жел чыгаргычтар аркылуу жылытуу системасынан абаны чыгаруу зарылчылыгына көңүл бурууну өтүнөбүз»,- дейт ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар