Жаш дүйнө чемпиону Жумаевге батир алуу үчүн 2,5 млн сом тапшырылды

Жаш дүйнө чемпиону Жумаевге батир алуу үчүн 2,5 млн сом тапшырылды

Ысык-Көлдүн Каракол шаарынын спорт бөлүмү тарабынан спортчуларга акчалай сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Каракол шаардык кеңешинин депутаттарынын чечими менен 2023-жылы мыкты жыйынтык көрсөткөн 100дөн ашык спортчуга 13 млн 400 миң сом сыйлык берилген.

Алардын арасынан былтыр 16 жашка чейинки боксчулар арасында Азия жана дүйнө чемпиону болгон Амантур Жумаевге батир алууга 2,5 млн сом жана Азия чемпионатында күмүш жана Азия оюндарында коло байге уткан каратечи Кымбат Тойтоновага 1,5 млн сом акчалай сыйлык тапшырылган.

Ошондой эле Амантур Жумаевдин машыктыруучусу Бейшен Сабатаровго 1 млн сом берилген.

Сыйлык тапшыруу иш-чарасы 5-фервалда өтүп, ага облус башчысы Эмилбек Абдыкадыров, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Нуржигит Турсунбеков, Каракол шаардык кеңешинин депутаттары, спортчулар жана машыктыруучулар катышкан.

Кымбат Тойтонова

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>