Министр окуучулар качан кыргыз тилинен сынак тапшырарын айтты

19.02.2024 | 14:57

Мектеп окуучулары класстан класска көчүү үчүн кыргыз тилинен сынакты кийинки жылдары тапшырып баштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында министр Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Анын айтымында, быйыл бүтүрүүчүлөр гана кыргыз тилинен сынак берет.

“Окуучулар үчүн дагы милдетүү түрдө сынак киргизсек ал резонанс жаратышы мүмкүн. Бул боюнча буйрук даярдалып жатат. Бизде орус тилинде жана башка тилде окуган мектептер бар. Аларды дагы чектөөгө болбойт. Андыктан мугалимдерди бир жыл бою тестке даярдоо иштерин жүргүзсүн деп жатабыз”, – дейт ал.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев мектептерде жыл сайын өткөрүлө турган сынак боюнча мыйзамдын талабы 35 жылдан бери иштебей жатканын айтты.

“Бул берене 1989-жылы кабыл алынып, 2004-жылы бекилген. 2015-16-жылдары бир министр өзүнүн буйругу менен мыйзамдын аткарылышын токтотуп койгон”, – дейт Каныбек Осмоналиев.

Белгилей кетсек, “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын 17-беренесинин 3-пунктуна ылайык мектеп окуучулары дагы класстан класска көчкөндө кыргыз тилинен сынак тапшырышы керек.

ЖОЖго тапшыра тургандар кыргыз тилинен тест тапшырууга милдеттендирилди

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top