«Балдарым кыргызча билбейт». Депутаттар окуучулардын сынак тапшыруусуна каршы (видео)

«Балдарым кыргызча билбейт». Депутаттар окуучулардын сынак тапшыруусуна каршы (видео)

Кыргызстанда интеллигециянын баары орус тилинде билим алышкандар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Элмурза Сатыбалдиев билдирди.

Ал өзү дагы орус тили менен билим алып, ийгиликтерге жетишкенин белгиледи. Эл өкүлүнүн айтымында, орус тили менен дүйнө танууга болот.

«Улуттун сакталышы тили, дили жана үрп-адаты менен. Мамлекеттин сакталышы — эли менен. Тил саясаты жумшак жүрсө.  Себеби радикалдуу түрдө, колу-бутун кайрып кыргыз тилин үйрөтүп коебуз деген туура эмес болот. Мен өзүм кыргызмын, кыргыз тилдүү мектепти бүттүм. Бирок билим, илимди, генералдык погонумду, жүрүм-турумду орус тили аркылуу үйрөндүм. Мен аны жашыра албайм», — дейт эл өкүлү.

Элмурза Сатыбалдиев бала бакчадан тарта милдеттүү түрдө кыргыз тилин үйрөтүүнү сунуштады.

«Кыргыз тилине шыгы келбегендер  бар. Алар эмне мектепте сынакты тапшыра албаса, класстан класска өтпөй жүрө береби?», — деди ал.

Депутат балдары кыргыз тилин начар билерин моюнга алды.

«Кыргызстанда кыйындар, интеллигенция орус тили менен билим алгандар. Менин балдарым сырттан окуп келди. Бирөөсүн дагы мамлекеттик кызматка койбодум. Анткени кыргыз тилин билишпейт. Баштапкы тепкичте иштеп жаткан баламды дагы иштен чыгарып алдым. Анткени, тил билбесең өспөйсүң дедим. Аларга эне тилин үйрөнүүгө 2 жыл бердим», — дейт ал.

Аны кесиптеши Аида Исатбек кызы дагы колдоп, мектептерде милдеттүү түрдө кыргыз тилинен сынакты киргизүүгө каршы чыкты.

«Эки балам бар, 1инчи жана 2-класста окушат. Бирок кыргызча сүйлөбөйт. Анткени мектепте эне тилин аптасына 2 саат, англис тилин 5 саат окушат», — деп, балдары менчик мектепке барарын кошумчалады.

Министр окуучулар качан кыргыз тилинен сынак тапшырарын айтты

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>