Таалайбек Ибраев Дүйнөлүк банкка Камбар-Ата-1 ГЭС долбоорунун учурдагы абалы тууралуу маалымат бердиБШК парламенттик шайлоону өткөрүүгө 700 млн сом жушмайтАк-Ордо конушундагы эки адамдын өлүмүнө шектүү качуу аракети учурунда каза болгон — Феликс КуловКазакстандык авиакомпания Бишкек – Астана багытында түз каттам ачуудаПакистан менен Ооганстан ок атышууну убактылуу токтотууну макулдашыштыТемир жолдон энергияга чейин — Нурдан Орунтаев Кытайдын элчиси менен жолукту
Жөө күлүк Айнуска Калил кызы Азия чемпионатында коло утту
20.02.2024 | 10:24
Жөө күлүк Айнуска Калил кызы жабык имараттардагы жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатында коло байге утту. Бул тууралуу Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясы билдирди.
Айнуска Калил кызы коло байгени 3000 метр аралыкка жарышта уткан (убактысы 9:27.18). Буга чейин ал 1500 метр аралыктагы жарышта күмүш байгелүү болгон.
Эскерте кетсек, жабык имараттардагы жеңил атлетика боюнча Азия чемпионаты 17-20-февралда Иранда болуп өттү.
Бул мелдеште жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков эки алтын утуп, Азиянын эки жолку чемпиону болду.