Оштун мэринин эки орун басары кызматтан кеттиКМШ БУУда адам укуктарын саясатташтырууга каршы чыктыУКМК кылмыш иштерин комиссиялар аркылуу кайра кароо мүмкүн эмес экенин түшүндүрдүЖКнын мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшырарын билдирдиОшко мэр болгон Акаевдин ордуна Таалайбек Сарыбашев Жогорку Кеңешке депутат болдуКыргызстан менен Монголия соттолгондорду өткөрүп берүү боюнча макулдашты
Өпкөсүнүн бир бөлүгү алынган жаран түрмөдө оор жумушка тартылган
23.02.2024 | 09:40
№43 мекемесинде кургак учуктан кесепетинен операция болуп, өпкөсүнүн бир бөлүгү алынган К.К. аттуу жаран оор жумушка тартылган. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.
Маалыматка караганда, Жаза аткаруу мекемесинде соттолгон жаран курулуш иштерине салынган.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын кайрылуусунан кийин соттолгон жаран оор жумуштан бошотулуп, ал эми адам укуктарынын бузулушуна жол берген жабык мекеменин кызматкерлерине карата Жаза аткаруу кызматынын жетекчилиги тарабынан чара көрүлгөн.
Акыйкатчы мамлекеттик органдарды эркинен ажыратуу жайларында соттолгондордун майып статусун алуу укуктарын караган документти кабыл алууну тездетүүгө чакырат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом