Кытай парламентинин төрагасы «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу менен тааныштыСалык кызматынын төрагасы «Кока-Кола» заводуна бардыУКМК: «Таластын смотрящий баласы» видеосундагы жаран кылмыштуу топко тиешеси жокОштогу малды жасалма уруктандыруу пунктары жабдуулар менен камсыздалдыЯндекс Кыргызстан Программалоо мектебине тикелей жол ача турган курсту баштоодоБишкек мэри: Ар бир сейил бак үчүн башыңар менен жооп бересиңер
Бийликтин фейк армиясы барбы? Маданият министринин жообу
04.03.2024 | 17:16
Жогорку Кеңештин бюджет жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева маданият министри Алтынбек Максутовдон бийлик тарабынан каржыланган фейк армия тууралуу сурады.
“50 миң адамы бар фейк армия тууралуу айтылган. Ошону тактап кетсеңиз. Аны Дайырбек Орунбеков жетектейт деп айтышат, чынбы?”, -деп кайрылды эл өкүлү.
Алтынбек Максутов фейк армиянынан кабары жоктугун айтты.
“Бизге мындай армия даярдоо боюнча эч кандай тапшырма берилген эмес”, – деди ал.
Белгилей кетсек, комитет жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.
Акыйкатчы “ММК жөнүндө” мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууну сунуштады
Рубрики: Жаңылыктар, Коом