Өкмөт башчы Москвага иш сапары менен баратКыргызстанда абага зыяндуу заттардын чыгуусу өсүүдө: 2024-жылы 58,3 миң тоннаны түзгөнЧүйдө короолорго кирип, уурулук кылып жүргөн шектүү кармалды«Пуля» Валентина Шевченко Вейли Чжанды жеңип, UFCнин алдыңкы орунда калды3 мамлекеттин тарыхый келишими: Ташкентте ТИМ башчылары чек аралардын кесилиш чекитин бекитишти17-ноябрга карата аба ырайы
Кыргызстан Италия менен банк жана салык боюнча кызматташмакчы
05.03.2024 | 20:00
Кыргызстан Италия менен банк жана салык боюнча кызматташмакчы. Бул тууралуу Италиядагы элчи Таалай Базарбаевдин Италиянын экономика жана каржы министринин дипломатиялык кеңешчиси Стефано Белтраме менен жолугушуусунда айтылды.
Элчи банктык-финансы тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин, анын ичинде Кыргызстан менен Италиянын банктарынын ортосунда түз өз ара аракеттенүүнү орнотууну талкуулады.
Ошону менен бирге, италиялык тарапты салык тармагындагы кызматташууну активдештирүү зарылдыгына көңүл бурулду.
С.Белтраме кыргыз тарап менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, эки тараптуу кызыкчылык туудурган кызматташтыкты илгерилетүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин белгиледи.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика