Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Душанбеде жолугушту2026-жылдагы ажылык сапарды “Flyadeal” аткарат — 6060 кыргызстандык зыяратчы учатДональд Трамп Израиль менен ХАМАС тынчтык планына кол коюшканын жарыяладыКыргызстанда тоо-кен тармагын өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу жана коңшу өлкөлөр менен кызматташууну күчөтүү сунушталдыУКМК: «Хизб ут-Тахрир» уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалдыСадыр Жапаров Тажикстанга барды
Кыргыз-казак чек арасында топтолгон унаалардын саны өсүүдө
14.03.2024 | 15:04
Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункттарында 520 жүк ташуучу унаа Казакстанга кирүү үчүн кезек күтүп турат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматта эки өлкөнүн өткөрмө пункттары штаттык режимде иштеп жатканы айтылат. Транспорттук тыгын жүктөрдүн агымы көбөйгөндүгүнө байданыштуу пайда болду.
Учурда “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү пунктунда 430 унаа, жана “Чалдыбар-автожолунда” 90 унаа турат.
Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршекеев 11-март күнү «Ак-Тилек» өткөрүү пунктунда 260 автоунаа Казакстанга кирүү үчүн кезек күтүп турганын маалымдаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом