Кытайлык Тайбейге каршы оюнга Кыргызстандын курамасына кимдер чакырылганы белгилүү болду

Кытайлык Тайбейге каршы оюнга Кыргызстандын курамасына кимдер чакырылганы белгилүү болду

Кыргызстандын футбол курамасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович баштаган штаб дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Кытайлык Тайбейге каршы оюн өткөрө турган команданын курамын жарыялады.

Белгилүү болгондой, эки команда 21 жана 26-мартта беттеш өткөрөт. Кыргызстан алдыдагы оюндарга 16-марттан тарта Гаосюн шаарында (Кытайлык Тайбей) даярдык көрө баштайт. Кеңейтилген курамга 28 оюнчу чакырылган. Алардын ичинен 23 спортчу алдыдагы эки беттешке катышат.

Кытайлык Тайбейге каршы оюндарга чакырылган спортчулардын катарында Фархат Мусабеков, Кайрат Жыргалбек уулу, Гүлжигит Алыкулов, Алимардон Шүкүров (жаракаты айыга электиги айтылууда), Айзар Акматов, Бекжан Сагынбаев, Бактияр Дүйшөбеков, Эрнис Батырканов жок.

Дарбазачылар:

  • Эржан Токотаев (Шанлыурфспор, Түркия)
  • Султан Чомоев (Дордой)
  • Дастан Алыбеков (Нефтчи)

Коргоочулар:

  • Валерий Кичин (Енисей, Россия)
  • Тамирлан Козубаев (Истерн, Гонгконг)
  • Християн Браузман (Абдыш-Ата)
  • Магамед Узденов (Абдыш-Ата)
  • Амантур Шамурзаев (Абдыш-Ата)
  • Саид Дациев (Дордой)
  • Александр Мищенко (Дордой)
  • Бактай Таалайбек уулу (Мурас Юнайтед)

Жарым коргоочулар:

  • Кай Мерк (Юнион Титус Петанж, Люксембург)
  • Одилжон Абдурахманов (клубу жок)
  • Эльдияр Зарыпбеков (Чайка, Россия)
  • Бектур Амангелдиев (Нагаворд, Камбожа)
  • Адил Кадыржанов (Дордой)
  • Эрмек Кенжебаев (Славия Мозырь, Беларусь)
  • Муролимжон Ахмедов (Дордой)
  • Кими Мерк (Пахтакор, Өзбекстан)
  • Нурдөөлөт Сталбеков (Алай)
  • Бекназ Алмазбеков (Галатасарай, Түркия)
  • Атай Жумашев (Абдыш-Ата)
  • Амир Жапаров (Мурас Юнайтед)
  • Эрбол Атабаев (Волгарь, Россия)

Чабуулчулар:

  • Нурислам Орунтаев (Илбирс)
  • Ырыскелди Артыкбаев (Дордой)
  • Жоэл Кожо (Динамо Самарканд, Өзбекстан)
  • Марлен Мурзахматов (Дордой)

Азия кубогунда кызыл айып кагазын алган Кими Мерк менен сары айып кагазы көрсөтүлгөн Одилжон Абдурахманов биринчи оюндарга катышпайт. Ошондой эле Эрбол Атабаев өзүнүн клубунун программасына ылайык кураманын экинчи оюнуна келет.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын футбол курамасы 2-13-мартта Түркияда жашыруун курам менен окуу-машыгуу жыйынын өткөргөн.

Кыргызстандын курамасы Түркияда жашыруун курамда машыгуу жыйынын өткөрөт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>