Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Ноорузга карата 12 миңден ашык милиционер күчөтүлгөн тартипте иштейт
20.03.2024 | 13:47
Кыргызстанда Нооруз майрамын белгилөө учурунда өлкө бөюнча 12 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти карайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ноорузду утурлай милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.
Бишкек милициясынын маалымат кызматы билдиргендей, майрам күнү борбор калаада 2 миңден ашык милиционер кызмат өтөйт. Алардын ичинен 1,5 миңден ашыгы негизги майрамдык салтанат өтөт турган “Ала-Тоо” аянтында коомдук тартирти жана коопсуздукту карайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом