Чүй облусунун Сокулук районунда зордуктоого кабылган 13 жашар кыздын үй-бүлөсү айылдан көчүп кетүүгө аргасыз болууда. Бул тууралуу укук коргоочу Назгүл Турдубекова билдирди.
Ал өспүрүмдүн ата-энесине жардам берүүнү суранат.
«Аларда бир нече көйгөй жаралды. Алардын бири — башка үй издөө. Азыр жашаган жеринде мындан ары тура алышпайт», — Назгүл Турдубекова.
Жардам берүүнү каалагандар акчаны бул номурга жөнөтө алышат: МБАНК 0705230880.
Үрөй учурган окуя. Чүйдө 9 эркек 13 жаштагы кызды бир жылдан бери зордуктап жүргөн