Бишкекте 6 айда автобустардын катышуусунда 80 жол кырсыгы болду

Бишкекте 6 айда автобустардын катышуусунда 80 жол кырсыгы болду

Бишкекте акыркы алты айда автобустардын катышуусунда 80 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, акыркы убакта борбор калаада коомдук транспорттун катышуусунда жол кырсыктары көп болууда. «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» ишканасы 2023-жылдын 29-сентябрынан 2024-жылдын 21-мартына чейинки бардык жол кырсыктарына талдоо жүргүзгөн.

Мэриянын маалыматынд айтылгандай, аталган убакта автобустардын катышуусунда 80 жол кырсыгы катталган. Анын ичинен 17 (22%) фактыга автобустун айдоочулары, 41 (52%) учурда менчик унаалардын айдоочулары күнөөлүү деп табылган. Дагы 21 (26%) учур техникалык кеңеште каралууда.

“Белгилей кетсек, ишканада жума сайын ички комиссия өткөрүлүп, анын жыйынтыгы боюнча жол эрежесин бузган айдоочуларга ээлеген кызматынан бошотууга чейинки чаралар көрүлөт”, — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Бишкекте учурда жаңы сатып алынган 600 автобус каттайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>