Бишкекте Жибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылды: төрт автобустун каттамы өзгөртүлдүЖалал-Абад милициясынын башчысынын орун басары менен тергөөчүсү пара менен кармалдыЖээнбек Кулубаев Москвадагы ТИМ башчыларынын жолугушууларына катышатБишкек жана Чүй облусундагы сүт заводдорунун лабораториялары стандарттарга шайкештиги боюнча текшерилдиЫмыркайлардын скрининги ооруларды эрте стадиясында аныктоого жардам берет – Саламаттык сактоо министрлигиКыргызстан менен Түркия товар жүгүртүүнү 5 млрд долларга чейин жеткирүү ниетинде
Чүйдө ымыркайдын сөөгү табылды. Милиция баланын энесин издөөдө
03.04.2024 | 19:57
Чүйдүн Сокулук районундагы Пригородное айылына жакын талаадан жаңы төрөлгөн эркек ымыркайдын сөөгү табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Ымыркайдын сөөгү 31-мартта табылып, ал тууралуу маалымат милицияга саат 22:09да түшкөн.
Аталган факт каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Анын алкагында тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.
Учурда милиция ымыркайдын энесин издөө иштерин жүргүзүүдө.
Териштирүү ишинин жыйынтыгы менен мыйзамга ылайык чечим кабыл алынат.