Саясат таануучу Денис Борисов Кыргызстандын трансформациясына баа бердиЭмгек министрлигинин алдында Миграция маселелери боюнча департамент түзүлдүМинск шаарындагы сейил бакка орнотулат. Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасоого сынак жарыяландыКыргызстанда жасалма интеллект жараткан контентке белги коюуну (маркалоону) милдеттендирүү каралуудаБишкекте орус үйүнүн күнүнө 2000ден ашык бишкектик катыштыКыргызстандын экономикасы банк тутумунан тез өнүгүүдө: эксперттин пикири
Чүйдө ымыркайдын сөөгү табылды. Милиция баланын энесин издөөдө
03.04.2024 | 19:57
Чүйдүн Сокулук районундагы Пригородное айылына жакын талаадан жаңы төрөлгөн эркек ымыркайдын сөөгү табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Ымыркайдын сөөгү 31-мартта табылып, ал тууралуу маалымат милицияга саат 22:09да түшкөн.
Аталган факт каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Анын алкагында тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.
Учурда милиция ымыркайдын энесин издөө иштерин жүргүзүүдө.
Териштирүү ишинин жыйынтыгы менен мыйзамга ылайык чечим кабыл алынат.