УКМК мэриядагы кызмат адамын кармады

УКМК мэриядагы кызмат адамын кармады

Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысынын орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, УКМК муниципалдык органдарда иштеген кызмат адамдар борбор калаанын 7-кичи районунда 9,2 сотых жерди (Юнусалиев көчөсү 41а) жеңилдетилген типтеги соода объекттерин мыйзамсыз куруу үчүн бергени аныктаган.

Бул факт боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, Д.М. аттуу жаран кызмат адамдары менен тил табышып алып, аталган жерге 2017-жылы тез тамактануучу жай, дүкөн жана башка объекттерди (ижарага берүү үчүн) курган. Ошол эле учурда жерди ижарага алуу тууралуу келишими жана уруксат берүүчү документтери болгон эмес. Аталган жаран бизнесине «колдоо көрсөткөн» кызмат адамдарынын чөнтөгүнө акча берип турган.

Аталган жерде салынган объекттердин иштеп жатканына 6 жыл болгондон кийин мэриядагы кызмат адамдар алардын ишине мыйзамдуу түр көрсөтүү үчүн 1 жылга ижара келишимин түзгөн. Анын мөөнөтү 2023-жылдын июлунда аяктаган.

Бул ишке шектүү катары мэриянын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысынын орун басары С.А., аталган соода жайынын ээси Д.М. жана анын бизнес өнөктөштөрү Б.А., Ж.Ж. кармалып, №1 тергөө абагына камакка алынды.

Учурда аталган мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасын жана бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>