Манас шаарында эл аралык китеп фестивалы өтөтЖК комитети Маматкановдун вице-премьер-министрлик кызматка талапкерлигин жактырдыБишкекте 5 миң жумуш орду сунушталган кесиптер жарманкеси өтөтЫсык-Көлдүн түбүнөн бир чакырымдан ашык браконьердик тор чыгарылдыОшто 100 жумуш орундуу кондитердик цех ачылдыЭки күн ичүүчү суусуз: Бишкекте 21- жана 22-апрелде пландык өчүрүүлөр болот
Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим Кыргызстанга келет
10.05.2024 | 16:24
Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Анын айтымында, ал Бишкекке Борбор Азия боюнча сапарынын алкагында токтолот. Бул аймакты кыдырууну ал Кыргызстандан баштайт.
Белгилей кетсек, Анвар Ибрагим – Малайзиянын чырдуу саясатчысы. Ал коррупцияга, бачабаздыкка айыпталып, 3 жолу камалган. Айыптоолорду Анвар Ибрагимдин оппозициялык саясый ишмердиги менен байланыштырышат.
Ал Малайзиянын онунчу өкмөт башчысы.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом