Жарым жылда Өзбекстандан Кыргызстанга 2 млндой турист келди(U-20). Жантөрө Мирзалиев жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль багындырдыАтатүрк паркындагы реконструкция иштери башталат. Кандай өзгөрүүлөр болот?Тажикстанда КМШ өлкөлөрүнүн банк кызматкерлеринин жыйыны өттүӨзгөндө 2500 адамга ылайыкталган жаңы стадион ачылдыЦУМ-2 соода борборунда 21 жаштагы кыз каза болду
Быйыл университеттер чет элдик абитуриенттерди ноябрга чейин кабыл алат
05.06.2024 | 16:46
2024-2025-жылга университеттер чет элдик абитуриенттерди ноябрга чейин кабыл алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү министринин орун басары Расул Авазбек уулу билдирди.
Анын айтымында, чет элдик студенттер августь айында сынактарды тапшыруу үчүн келишет.
“Биз алардын окуу жыл аягындагы сынактарын майдан августка жылдырганбыз”, – дейт ал.
Расул Авазбек уулу чет элдик абитуриенттер үчүн дагы ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн белгиледи.
“Алар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, ноябрга чейин кабыл алуу уюштуруп жатабыз. Азырынча канча студент келерин айта албайбыз. Бирок пакистандык кесиптештерибиз Кыргызстандын окуу жайлары менен кызматташтыкты улантаарын айтышууда”, – деди министрдин орун басары.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом