Кыргызстанда бир жумада 22 миң 825 жол эреже бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, жол эреже бузуу фактылары боюнча 1 миң 537 унаа айып короого токтотулган.
12нен 16-июнга чейин аныкталган жол эреже бузуулар:
— Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 347;
— Мас абалында унаа айдоо — 278;
— Автоунаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу — 70;
— Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 938;
— Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 4071;
— Автоээнбаштык — 3;
— Ылдамдыкты ашырып айдоо — 4 миң 689;
— Жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу — 2;
— Башка жол эрежелерин бузуулар – 12 миң 427;