Гутерриш: деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү адамдарды келечектен ажыратуудаКыргызстандын мыйзамдарына «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталуудаТүп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылдыФермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жетти
Бир жумада 278 мас айдоочу кармалды
17.06.2024 | 15:01
Кыргызстанда бир жумада 22 миң 825 жол эреже бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, жол эреже бузуу фактылары боюнча 1 миң 537 унаа айып короого токтотулган.
12нен 16-июнга чейин аныкталган жол эреже бузуулар:
– Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 347;
– Мас абалында унаа айдоо – 278;
– Автоунаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу – 70;
– Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 938;
– Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4071;
– Автоээнбаштык – 3;
– Ылдамдыкты ашырып айдоо – 4 миң 689;
– Жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу – 2;
– Башка жол эрежелерин бузуулар – 12 миң 427;
Рубрики: Жаңылыктар, Коом