Чүй облусунун кармалган судьялары жарандан 10 миң доллар талап кылган
Чүй облустук сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясынын 2 судьясы – Улукбек Калыбеков жана Тилек Абдырашитов ири өлчөмдө пара талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул маалыматты бүгүн УКМК ырастады.
Алар менен бирге соттук отурумудун катчысы дагы 2-июль күнү колго түшкөн. Судьялар М.Н. аттуу айыпталуучудан 10 миң доллар талап кылышкан.
“Бирок соттолуучу көрсөтүлгөн сумманы берүүдөн баш тарткандан кийин 6 миң долларга түшүрүшкөн. Акчаны алгандан кийин өз ара бөлүшкөн”, – дейт УКМК.
[image_carousel source=”media: 211747,211748,211749″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]
Кармоо учурунда Улукбек Калыбеков унаасын атайын жол кырсыгына кабылтып, качып кетүү айласын көргөн.
Бүгүн Судьялар кеңеши экөөнү кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.