2030-жылга чейин Чүй облусунун 100 миң тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз болотСүлүктүдө шахта урап, бир кенчи каза болду — ӨКМКытайлык ишкана күн жана шамал электр станцияларын курууга 1 млрд доллар инвестиция салууга кызыкдарДанияр Токтотемиров: «Өлүк жандар» тирилүүдөЭртең Бишкекте фонтандар сезону ачылатКытай менен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пункттары майрам күндөрү убактылуу жабылат
Жылына 65 миллиондой кыш чыгара алат. Байтикте жаңылоодон өткөн ишкана ачылды
29.07.2024 | 15:57
Чүйдүн Байтик айылында кыш чыгарган «Байтик курулуш» ишканасы жаңылоодон кийин ачылды.
Жаңылоо иштери үчүн «Байтик курулуш» Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан 1 млн 350 миң доллар алган. Эми ишкана күнүнө 180 миңге дейре, ал эми жылына дээрлик 65 миллионго чейин кыш чыгара алат. Ал өндүргөн продукциясынын 20%ын чет жакка сатууну пландап жатат.
Учурда ал жакта 50дөн ашык киши эмгектенүүдө. Ишкана кыштын 100 түрүн чыгарат.
Ишкананын ачылышына облус башчысы Кана Жумагазиев, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков, экомика министринин орун басары Айнура Үсөнбекова катышты.