Соцфонддун өз тизмеси бар. Айрым айылдар жеңилдиктерден кур калдыБишкекте 103 жашында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Василий Пухарев дүйнөдөн кайттыАжылык сапары 11-майдан тарта башталат: КМДБ өлкөгө кирүүнүн катаал эрежелерин эскертти«Акылман» лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө чет өлкөдө окууга мамлекеттик грант берилетДепутаттар «Баатыр энелердин» балдарына билим берүү жеңилдиктерин берүүнү жактырыштыКурорттук Кыргызстан: Советтер союзунан калган мурастан заманбап wellness-экономикага
U-17: Кыргызстандык балбан Өмүрбек Асан уулу дүйнө чемпиону болду
25.08.2024 | 22:41
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр (U-17) курамасынын мүчөсү Өмүрбек Асан уулу Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды.
Асан уулу эркин күрөш боюнча мелдешке 60 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, Япония, Украина жана АКШдан келген спортчуларды 4 жолу жеңип алган.
Финалда кыргызстандык балбан азербайжандык Хусейн Исмаилов менен беттешип, аны 5:1 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону аталды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар