«Киркоров жакын досторуна дагы бекер ырдабайт». Орус ырчыларынын акысы айтылды

«Киркоров жакын досторуна дагы бекер ырдабайт». Орус ырчыларынын акысы айтылды

Филип Киркоровдун гонорары 150 миң евродон жогору. Бул тууралуу Reporter.kg’ге продюсер, иш чаралардын уюштуруучусу Ислам Сатаров билдирди.

Ал Эгемендүүлүк күнүнө арналган концертке катыша турган орус ырчыларынын эч кандай учурда бекер ырдашпаганын айтат.

«Жада калса биздин ырчылар дагы бекер ырдашпайт. Аларга дагы жок дегендек 5 миң сомдон берилет. Андыктан бекер эмес, бюджеттен акча коротулбай, демөөрчүлөрдүн акчасына келишсе керек», — дейт Ислам Сатаров.

Ал аты аталган ырчылардын ичинен эң кымбаты Филип Киркоров экенин белгилейт.

«Анын гонорары асман чапчыйт, өтө кымбат. Ал кеминде 150 миң евро алат. 25 адам учуп келет, жеп ичкени болуп, 45 мүнөтү 200 миң евродон ашат. Андан кем болбойт жана бекер ырдаганын уга элекмин. Шаар күнү же башка бир мамлекеттик иш чараларга 150 миң еврого көнүшү мүмкүн. Эң жакын досу, өзбекстандык олигарх Алишер Усмановдун иш чарасында дагы 100 миң евро алган. Анүстүнө артисттерде азыр сезон башталгандыктан бекер ырдоого убакыты жок», — дейт продюсер.

Ислам Сатаровдун айтымында, орус ырчыларына караганда европалык артисттердин акысы арзаныраак.

«Аларда тойго барып ырдоо деген жок да, ошого алардын гонорары төмөн. Мисалы, IN-GRID 15 миң еврого чейин эле алат. Ал менен Bosson быйыл эле Бишкекке 2 жолу келишти», — дейт ал.

«Укпай эле койгула». Маданият министри Киркоровго каршы чыккандарга жооп берди

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: маданият

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>