Кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» өткөрмө бекетинин иш тартиби өзгөрөт

Кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» өткөрмө бекетинин иш тартиби өзгөрөт

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» өткөрмө бекетинин иштөө режимин өзгөртүү тууралуу макулдашууну колдоду.

Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев билдиргендей, Казакстан менен Кыргызстандын макулдашуучусу боюнча учурда «Каркыра» өткөрмө бекети күндүз гана иштейт. Эми аны күнү-түнү иштөө режимине өткөрүү пландалууда. Ошондой эле аталган бекетти жыл бою иштетүү каралган. Мурдагы макулдашуу боюнча «Каркыра» бекети жыл бою иштей турганы эки тараптын келишими менен аныкталат деп көрсөтүлгөн.

Талкуудан кийин комитет аталган макулдашууну колдоду.

«Каркыра» өткөрмө бекети Ысык-Көлдүн Түп районундда жайгашкан. Ал негизинен жаз айларында ачылып, күзгө чейин иштейт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>