Кыргызстандык аскерлер Өзбекстанда «Бирлик-2025» машыгуусуна катышатБалыкчыда 13 жаштагы кыздын жансыз денеси табылдыСоода өнөр-жай палатасы шанхайлык ири ишкананын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдүКыргызстанда 4 баллдык жер титирөө катталдыКартаны сатуу түрмөгө жол ачат. Улуттук банк алдамчылык менен күрөшүүдө жаңы эрежелерди киргизүүдө. Эксперттин пикириЖарандык авиация кызматкерлери тил стандарттарын ишке ашыруу боюнча ИКАОнун жыйынына катышты
Чаткалда тоодо жоголгон 6 адамды издөөгө тик учак жөнөтүлдү
18.10.2024 | 10:44
Жалал-Абаддын Чаткал районундагы Ак-Сай тоосунда жоголгон 6 кишини издөө иштерине ӨКМдин тик учагы жөнөтүлду. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Жоголгон адамдарды издөө-куткаруу иштерин 20 куткаруучудан турган топ тартылды.
Эскерте кетсек, 9-октябрда Каныш-Кыя айылынын 13 тургуну жана 1 кытайлык жаран тоого эндик өсүмдүгүнүн тамырын терүүгө чыгышкан. Кийинчерээк байланышка чыкпагандыктан, 16-октябрда алар дайынсыз болуп жатканы тууралуу ӨКМге кабар берилген.
Ошол эле күнү куткаруучулар менен жергиликтүү тургундар издөө иштерине чыгып, дайынсыз болгон 8 кишини табышкан.
Табылган адамдар 14-октябрда саат 18:00дордо кар көчкү болгонун, 6 адам кар алдында калган болушу мүмкүн экенин айткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом