Мөндүр, кургакчылык: Быйыл кант кызылчасынын түшүмү кыйла азАэропортко каттаган экспресс-маршрут эми түнкүсүн да жүрөт«Кыргыз темир жолу» кирешесинин жарымы Макмал темир жолунун курулушуна жумшалатПарламентке шайлоо. Россиянын 31 шаарында тилке ачылат. Элчилик уюштуруу маселелерин карадыСвердлов районунда администрация жана милиция түндө көчөдө жүргөн өспүрүмдөрдү текшердиБишкек жана Чүйдө газдаштыруу: 66 субъекке жеңилдетилген насыя берилди
«Каркыра» өткөрмө бекети күнү-түнү жана жыл бою иштей баштайт
21.10.2024 | 14:43
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» өткөрмө бекетинин иштөө режимин өзгөртүү тууралуу макулдашууну үчүнчү окууда колдоду.
Учурда аталган өткөрмө бекет күндүз гана иштейт. Макулдашуу боюнча, аны күнү-түнү иштөө режимине өткөрүү, ошондой эле жыл бою иштетүү каралган. Мурдагы макулдашуу боюнча «Каркыра» бекети жыл бою иштей турганы эки тараптын келишими менен аныкталат деп көрсөтүлгөн.
«Каркыра» өткөрмө бекети Ысык-Көлдүн Түп районунда жайгашкан. Ал негизинен жаз айларында ачылып, күзгө чейин иштейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом