Бишкек милициясы укук коргоо органдарынын кызматкерлерин урматтоо зарылдыгын эскерттиКонго Демократиялык Республикасында Эбола илдетинин эң ири очогу катталды20 млрд доллар: Жаңы «Асман» шаары кандай болот?Кытай Кыргызстандын суу чарба тармагына 370 даана техника беретКазакстанда 70 жылдан кийин алгачкы жолу жапайы жаратылышка жолборс коё берилди227 млн сом зыян: Башкы прокуратура гемодиализ боюнча кылмыш ишин козгоду
Таласта жерге кулап, жарадар болгон бирказан кушу табылды (видео)
21.10.2024 | 15:25
Таласта тобунан адашып, жерге кулап түшкөн бирказан кушу табылды. Бул тууралуу Экология министрлигинин Таластагы башкармалыгынын башчысы Бекмырза Ашымов билдирди.
Анын айтымында, Туратбек Базарбаев аттуу тургун Орто-Кошой тилкесинде уча албай, суу жээктеп жүргөн бирказан кушун таап алган. Кабар берилгенден кийин алар жерине дароо барышкан. Ветеринарлар кушту карап чыгып, жаракаттары бар экенин көрүшкөн.
Ашымов белгилегендей, алардын божомолу боюнча бирказан жылуу жакка учуп баратып, тобунан адашып кетип, жерге кулаган. Жерге түшкөндө катуу урунгандыктан, ички органдары жабыркаган.
Министрлик 7-октябрда кушту Чүйдөгү “Бугу Эне” реабилитациялык борборуна өткөрүп беришкен. Ал жактан кушка жылуу уя жасалып, аталган борбордун камкордугуна алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом