ШКУ: саммиттин катышуучуларынын толук тизмесиЭгемендүүлүк күнү менен: Кыргызстанды 20дан ашык мамлекеттин лидерлери куттукташтыСентябрдан тарта ЕАЭБ аймагына ташылып келген айрым товарларга байкоо жүргүзүү системасы ишке киретСадыр Жапаров менен Си Цзиньпин «Ынтымак Ордодо» сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдөДКӨ, 2,5 млн турист жана жолдор: облус жетекчиси Ысык-Көлдөгү абал тууралууВьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан Кыргызстанга иш сапары менен келди
«Каркыра» өткөрмө бекети күнү-түнү жана жыл бою иштей баштайт
21.10.2024 | 14:43
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» өткөрмө бекетинин иштөө режимин өзгөртүү тууралуу макулдашууну үчүнчү окууда колдоду.
Учурда аталган өткөрмө бекет күндүз гана иштейт. Макулдашуу боюнча, аны күнү-түнү иштөө режимине өткөрүү, ошондой эле жыл бою иштетүү каралган. Мурдагы макулдашуу боюнча «Каркыра» бекети жыл бою иштей турганы эки тараптын келишими менен аныкталат деп көрсөтүлгөн.
«Каркыра» өткөрмө бекети Ысык-Көлдүн Түп районунда жайгашкан. Ал негизинен жаз айларында ачылып, күзгө чейин иштейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом