Бишкекте бүгүн, 23-октябрда эртең менен муниципалдык автобус жана троллейбустардагы валидаторлор менен QR-код иштебей, жүргүнчүлөр жол кирени накталай төлөөгө аргасыз болууда. Бул тууралуу Reporter.kg’ге шаар тургундары билдирди.
Алардын айтымында, валидаторлор иштебегендиктен, «Тулпар» карталары, банк карталары, ошондой эле QR-код аркылуу да жол кирени төлөөгө мүмкүн болбой жатат.
Айдоочулар QR-код менен валидаторлор бардык коомдук унааларда иштебей жатканын айтышкан. Мындан улам жүргүнчүлөр жол кирени накталай төлөөгө аргасыз.