Кыргызстанда сом менен онлайн акча которууда комиссия алуу токтотулат. Тиешелүү токтом Улуттук банк тарабынан кабыл алынды.
Токтом расмий жарыялангандан кийин 1 айдан соң күчүнө кирет. Ага ылайык улуттук валюта (сом) менен мобилдик тиркеме жан интернет-банкинг аркылуу акча которгондо комиссия алууга тыюу салынат. Бул тыюу салуу 2025-жылдын 31-декабрына чейин иштейт.
Мобилдик тиркеме аркылуу акча которууда комиссия алууну токтотуу сунушталууда