7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөтБШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыраттыМинистр менен мэр окуучу кол салды делген мугалимден кабар алышты
Көк-Жарда газдын жарылышынан эне менен кызы жабыркады
20.01.2025 | 10:50
Бишкектин Көк-Жар айылында, 19-январда, газдын жарылышынан улам эне менен кызы жабыркап, Тез жардам ооруканасына жеткирилген. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Жабыркаган аялдардын улуусу 62 жашта. Анын денесинин 60%ы күйгөн. Абалы өтө оор деп бааланууда.
Ал эми кызы 38 жашта. Анын денесинин 10%ы күйгөн. Абалы туруктуу.
Эскерте кетсек, 19-январда Көк-Жар айылындагы көп кабат үйдүн биринчи кабатындагы батирде газ жарылып, жабыркагандар бар экени кабарланган.
https://reporter.kg/kok-zharda-zharylgan-gazdan-zhabyrkagandar-oorukanaga-tyshty/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом