Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалыматы кызматы билдирди.
Президент кол койгон жарлыкка ылайык, Кутнаева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан алынган. Анын ордуна министрдин милдетин аткаруучу болуп Азамат Жамангулов дайындалды.
Нурия Кутнаева Санариптик өнүктүрүү министри кызматында 2023-жылдан бери иштеп келе жаткан.