Кыргызстандын хоккейчилери Сингапурду 11:2 эсебинде жеңди

Кыргызстандын хоккейчилери Сингапурду 11:2 эсебинде жеңди

Кытайда өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарында хоккей боюнча Кыргызстандын курамасы Сингапурдун командасын 11:2 эсебинде жеңди.

Кыргызстандын курамасы тайпалык баскычтагы 3 беттеште тең жеңишке жетип, мүмкүн болгон 9 упайдан 8 упай топтоп, В тайпасынын турнирдик таблицасында 1-орунду ээледи.

10-февралда алдын ала турдун финалдык оюндары өтүп, анын жыйынтыгы менен турнирдин чейрек финалдык жуптары аныкталат.

Белгилей кетсек, бул улуттук курамдын үчүнчү оюну. Буга чейин кыргыз хокейчилери Кувейтти 8:9,  Бахрейнди 29:0 эсебинде уткан. Эртең 19:00дө Кыргызстандын хокейчилери Гонконг курама командасы менен ойнойт.

Эске салсак, IX Кышкы Азия оюндары Кытайда 7-14-февраль аралыгында өтөт. Кыргызстандын курама командасы биатлон, тоо лыжасы, көркөм муз тебүү, хоккей жана керлинг боюнча мелдештерге катышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>